"Тойго мактатып ырдатканы алып барышкан". Олжобай Шакир Болот Назаровдун кармалышы боюнча үн катты

Төкмө акын Болот Назаров Беловодское айылындагы тойго чакыруу менен барган. Бул тууралуу журналист Олжобай Шакир социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"3 күндөн бери Болот Назаровдон дайын жок. Ал азыр чыгармачылык сапарда жүргөндүктөн, мурдагыдай күнүгө келип-кетмейи жок. Чыгармачыл эркиндикте. Бирок телефон аркылуу да, тааныштар аркылуу да кабарын биле албай отурабыз. Тынчсызданып! Укканыбызга караганда, Бокени тойго чакырышат. Бирөөнү мактатып ырдатмай болушат... Бирок биздин көк жал акын андайга кежигеси тырышып, бирөөнү ашкере көкөлөтө ырдап ийчүлөрдөн эмес. Андай өтүнүчтү уккан Бокебиз, "эч кимди мактап ырдабайм" дейт да, жолуна түшөт. Артынан бирөө чыгат узатып. Ошол узатып чыккан адам чыгармачыл чөйрөдөгү белгилүүлөрдөн. Болгондо да менин ат-башылык инилеримдин бири. Бокени далыга таптап, тойго ырдап бер деп ээрчитип барган ошол дешет. Азырынча анын аты-жөнүн атабай турууну эп көрдүм. Оозуна талкан сугунгансып, үндөгүсү жок анын. Иштин чоо-жайын ошол "тилин жутуп алган" өнөрпоздон билсек дегенбиз.
Бирок Болот Назаров боюнча 3 күндөн бери кабар жок үчүн коомчулукка болгон иштин учугун чыгарып турганды оң көрдүк. Себеби бири айтат: "Бокени Беловодский милициясына камап коюшуптур". Бири айтат: "Бокени тойго чакырткандар алдына ат тартып мингизишет...Тата-пата... Анан эле ошол мингизген ат эртеси уурдалган жылкы болуп чыгат. Болгондо да аны Болот Назаров уурдап алган имиш!
Кыргызда илгертен өнөр адамынын алдына жылкы тартып, үстүнө чапан кийгизип сый көрсөткөн кыргыздын бул кандай "жаңы салты" болуп кетти экен деп баш катырып отургандагы кезибиз", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 9-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Болот Назаров тоноочулукка шектелип кармалгандыгын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altyn7776
2022-11-09 14:43:00
Ичин да кара комурдой деп Эламан акын туптуура диагноз койгон экен бу акын соройго... тынчыбай койду го
+1
Kushu_0703
2022-11-09 15:37:00
Дункуйуп алган экенда дагы тирлей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан