Бүгүн, 24-январда Бишкек шаарындагы Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдан кабарлашты.
Министрликтен билдиришкендей, жеринде тилсиз жоону өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеп, Штаб, 1 автошаты, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана ыкчам топ иш алып барууда.
Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, РЭТтен 1 бригада иштеп жатышат.
Буга чейин аталган турак жайдагы өрт саат 13:00 чамасында тутанганын окурман билдирген болчу.