2 күн мурда Сокулукта жасалма акча менен көмүр сатып алууга аракет кылган жаран кармалган. Бүгүн, 25-январда интернет желесинде аталган окуяга байланышкан видео тарады. Анда кылмышка шектүүнү ал жердеги адамдар аз жерден ур-токмокко алып коё жаздашканын көрүүгө болот.
Эске салсак, 22-январь күнү милицияга Ж.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал жасалма 200 долларга көмүр алып кеткен белгисиз жаранга чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран кармалган. Кармоо учурунда андан 75 даана 500 евро жана 67 даана 100 доллар алынган.
Кармалган шектүү жарандын дагы ушул сыяктуу кылмыштардын бир нече фактыларына катыштыгы бар экени аныкталган.