Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Айбек Осмонов мамлекеттин мүлкүн уурдап, каржылык жактан зыян келтирген кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарууну сунуштады.
"30 жылдан бери кредит жана грант алып келебиз. Алардын басымдуу бөлүгү максаттуу пайдаланылбай жок болуп кетет. Аларды жеп алгандардын көпчүлүгү мамлекетке келтирилген чыгымдын ордун толуктабай, жоопко тартылбай кутулуп кетти. Оор кылмыш жасагандарды жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү 7-10 жыл экен. 10 жыл өткөндөн кийин иш кыскартылат деп мамлекеттин миллиарддаган акчаларын уурдап, жеп кеткендер жүрөт.
Биздин өлкөгө келген кредит, гранттарды жейт экен дагы башка мамлекетке кетип калып, 10 жылдан кийин келет экен. Мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу эч кандай жооп бербейт, иши кыскартылып кетет экен. Бул эмне деген нерсе? Биз андайга жол бербешибиз керек. Сот кайсы бир адамды чындыгында мамлекетке зыян келтирген деп аныктап, чечим чыгаргандан кийин ал адамга чыгымдарды сөзсүз төлөтүшүбүз керек", деди Осмонов.
Эл өкүлү бул багытта мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгилеп, "10 жылдан өтүп кетсе каралбайт" деген беренени алып салуу керектигин билдирди.