Депутат Балбак Түлөбаев мамлекеттик жана жергиликтүү бюджетке пайда келтирүү үчүн чет өлкөлүк аңчыларга лицензия берүүнү токтотпоо керектигин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Чет өлкөлүктөргө аңчылыкты алып салабыз деп демилге көтөрүлүп, өкмөт карап жаткан экен. Бул жерден жылына 146 миллиондон 200 миллион сомго чейин каражат түшөт. Экологиялык балансты бузбастан жылына 60-70ке жакын лицензия берилет. Ошону бере бериш керек да. Ал туризмге да пайдалуу. Экологиялык баланс бузулбайт. Аркар-кулжанын саны Кыргызстанга 18 миңге жетти. Ал эми эчки-текенин саны 50 миңге жакын. Бул жакшы эле нерсе. Биз андан көрө браконьерлерге тыюу салышыбыз керек. Ал эми чет өлкөлүк аңчылар мамлекетке, жергиликтүү бюджетке акча таштап жатат. Мына силерге киреше", - деди ал.