Мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдаган жаран сот залынан бошотулду

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдоого шектүү жарандын иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунан билдиришти.

Билдирмеге ылайык, 16-январда шектүү жабырлануучу тараптын тосмо арызынын негизинде сот залынан бошотулуп, кылмыш иши кыскартылган. Чечимди Токмок шаардык соту чыгарганы маалымдалды.

Эске салсак, 2022-жылы 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Анда аксакал мал базарга аш өткөрүү үчүн жылкы алганы келгендиги айтылган. Ага базарга келген башка жарандар 115 миң 500 сом чогултуп берген. Арасында карыяга топтолгон каражатты накталай бергендин ордуна жылкы сатып берүүнү сунуштап чыккандар да болгон.

25-октябрда милиция аксакалдын акчасын уурдоого шектүү жаранды кармаган. Анда шектүү келтирилген зыян 120 000 сомду толугу менен кайтарып бергендиги маалымдалган. Ал эми карыя Манасбай Кадыралиев табылган акчасын кайрымдуулукка жумшаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
udoqawje
2023-01-26 19:27:00
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан