Өлкөдөгү айылдарды, көчөлөрдү адам аттары менен атоого тыюу салыныш керек. Мындай пикирин депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 26-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мурда бир айылга же бир көчөгө ат коюуда токсон толгонушчу. Азыр эки жылкы сойсоң даяр. Эл колдоп жатат деп жатасыңар. Көчөңө жарык коюп берем десе эле ошонун атасынын атын коюп жатабыз. Төрт дарак тигип берем десе сейил бактарга атын берип жатабыз. Бул эмне деген маскарачылык. Кийин таппай калабыз го кайсы айыл кайсы жерде экендигин. Көчөлөрдүн аттарын билбейбиз. Мына Бишкекте эле көчөлөрдүн аттарын айтса билбейбиз. Ким алар? Эмне болгон кишилер? Элге кандай эмгеги сиңген?" - деди ал.
Ошондой эле бул нерсе жакшы көрүнүш эмес экендигин белгилеп, адам аттары менен атоого тыюу салган мыйзам долбоору иштелип чыгышы керектигин кошумчалады.
"Адамдын аттары менен атаганды токтотушубуз керек. Бул адилетсиз болуп калат. Биз көрүп жатабыз. Чоң мамлекеттер да шаарларын, аэропортторун кайрадан өзгөртүп жатпайбы. Эртең бирөөнүн 90 жылдыгы келет. Бүрсүгүнү дагы бирөөнүн 110 жылдыгы келет. Ушинтип эле кете беребизби? Бул жакшы эмес көрүнүш".
Белгилей кетсек, бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңеште "Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айылын, Ош жана Талас облусундагы айрым айылдарды, Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Ага ылайык Кош-Дөбө айылы Ормон хан айылы болуп, Кара-Буура районундагы Чымкент айылы Чолпонбай айылы болуп жана Кара-Буура району Айтматов району болуп өзгөртүлөрү күтүлүүдө.