Мындан туура 25 жыл мурун 23-январда дүйнөнүн 372, Орусиянын 88, Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов америкалык "Endeavour STS-89" космос кемеси менен алгачкы ирет космос мейкиндигине учкан. Учурда ал Орусиянын Жылдыздуу шаарчасында жайгашкан Юрий Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунда эмгектенет. SUPER.KG порталы Кыргыз эл баатыры жана Орусиянын баатыры Салижан Шарипов менен маек курду.
- Саламатсызбы, Салижан агай! Космос деген кол жетпеген мейкиндик да. Айылдан эле чоңойгон балага тээ космоско учуп, космонавт болуу кыялы каяктан келген? Учкуч болууңузга эмне түрткү берди эле?
- Кичинемде учкуч, космонавт болууну кыялданар элем. Космонавт болгонума биринчиден, кыйынчылыктар түрткү болгон. Ал кезде турмушубуз начар эле. Апам менен чөп терчүмүн. Ошондо “мен учкуч болуп, сизге самолёттон чөп ыргытам, апа. Сиз кыйналбайсыз” дегем. Бала чагымда ушундай кыял менен жашап калгам. Тилекке каршы, апам менин учкуч болгонумду көрбөй калды. Бирок бардык туугандарым, эже-байкелерим Америкага барышып, космоско учуу процессин көрүп келишкен.
Космоско алгачкы ирет учканымда өзүм менен кошо Кыргызстандын желегин жана бир түйүнчөккө топурак салып алгам. Ал топуракты “Манастын жери” деп атап койгонбуз. Америкалыктар “бул эмне болгон топурак, аны эмнеге алып алгансың” деп таң калышкан. Азыр желек менен топурак улуттук тарых музейинде сакталып турса керек.
- Космоско учуу алдында кандай сезимдер болду эле? Башыңыздан өткөн кыйынчылыктарды да айта кетсеңиз...
- Мен өзүмдү Кыргызстандын уулу деп билем. Эмгегимди өзүмдүн шаарыма, облусума жана Кыргызстанга арнадым. Башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстандан да космонавттар чыкса экен деген аруу тилегим бар эле. Кыргызстан артта калган өлкөлөрдүн бири эместигин, биздин тарых, маданият космос менен байланыштуу экендигин далилдегим келген. Өзгөндө жөнөкөй эле мектепте окугам. Космоско учуу кыйла убакытты алып, тынымсыз аракетти талап кылды. Ошентип 1998-жылы биринчи жолу космоско учуп, өзүмдүн максатыма жеттим.
Америкалык “Endeavour” кемеси менен учканымда үй-бүлөмдү, досумду, мектеп окуучуларын ойлоп, алар мени менен сыймыктанса экен, космостук изилдөөгө кызыгып, дагы далай космонавттар чыкса экен дегем. Экинчи ирет космоско учканымда 193 күн ал жакта болуп, эки ирет ачык космос мейкиндигинде жүргөм. Албетте, жашоо-шарты жагынан бир топ кыйынчылыктар болду. Алдын-ала даярдыктар күч болгондуктан аны да жеңип чыктык. Кыялдарымдын орундалганынан өзүмдү бактылуу сезгем.
Өзүмдүн аракетим, күчүм менен отрядга кошулгам. Ошол учурда алгачкы ирет Кыргызстандан чыгып, Орто Азиядан космоско учкандардан мен эле болгом. Бүгүнкү күнгө чейин космоско болгону 500дөй гана адам учту. Орусиядан 127 адам учкан болсо, анын ичинен мен 88-катардамын. Эң кызыгы, асманда 88 жылдыз бар, а мен 88-космонавтмын.
- Бүгүнкү күндө космостук изилдөөлөрдө бир топ өзгөрүүлөр болуп, чоң секириктер жасалып жатат. Эми космостук эра келе жатат десек болобу? Эмне үчүн Кыргызстандан космонавттар чыкпай жатат? Кызыгуу жокпу же экономикалык, илимий абалыбыз жол бербейби?
- Космоско учуу учакта учуу эмес да. Ага бир топ даярдыктар жана каражат керек. Мисалы, 20 жыл мурун космоско учам деген туристтердин болжолдуу чыгымы 20-30 миллион долларды түзгөн. Ал эми азыркы күндө космоско учуу үчүн 700 миллион доллар керек. Космоско турист катары эмес, фундаменталдык илимий изилдөө үчүн учкан башка кеп. Турист ырахат алуу максатында акчасын коротот. Космоско учуу үчүн 2-3 айда даярдык көрүү мүмкүн эмес. Ал жакта башка чөйрө, ар бир секунд маанилүү. Космоско учам деген туристтер бери дегенде эле 1-2 жыл даярданышат.
Албетте, Кыргызстандан да космоско учкандар чыкса экен дейм. Бирок ал үчүн алгач талаптагыдай технология керек. Ошондой эле атайын даярдык, изилдөөлөр жасалып, мамлекет, бийлик тарабынан да колдоолор болушу абзел. Ал эми эбегейсиз каражат кетерин айтпаса да белгилүү. Андыктан өлкөдө бул жаатка олуттуу мамиле жасалса жакшы болор эле. Бирок мен өз убагы келгенде дагы далай кыргызстандыктар космоско учат деп ишенем.
- Кыргызстандан космос дүйнөсүнө кызыгып, сиз менен байланышкандар барбы? Сиз тараптан кандай колдоолор болот?
- Кыргызстандын буга чейинки президенттерине “кыргыздардан дагы бир космонавтты даярдайлы. Бизден космоско уча тургандар болсо, кандай деген патриоттук дух көтөрүлмөк. Башка өлкөлөрдөн абройлуу дагы болмокпуз, мамлекетке салымы зор болор эле” деп далай ирет кайрылдым. “Ооба, ооба” дешкен, бирок ал жөн гана сөз бойдон калды. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин ушул көрүнүш.
Азыркы тапта жаш космонавттарды даярдап жатабыз. Мен көбүнчө жаштар менен иш алып барам. Кыргызстанга барганда да мектеп окуучулары, студент, учкуч болгусу келген жаштар менен жолукканга аракет кылам. Колумдан келген жардамды берүүгө даярмын.
- Акыркы кезде дүйнө жүзүндө экологиялык көйгөйлөр актуалдуу бойдон турат. Адамдардын жаратылышка жасап жаткан мамилелери космостон кандай көрүнөт экен?
- Космосто болгонумда алдын-ала эскертүүлөрдү айтып турчумун. “Өзгөндүн бул жагында суу каптап, бул жагында кар эрип жатат. Адам өмүрүнө коркунуч жаратат, куткарышыңар керек” деп билдирер элем. Космостон бардыгы көрүнүп турат. Кыргызстан Швецария, Гималай сыяктуу дүйнөдөгү эң таза, кооз жерлердин бири. Болгону Бишкектин гана абасы таза эмес экендиги көрүнүп турчу. Ал эми башка аймактарда экологиялык көйгөйлөрдү байкай алган жокмун. Суулардын көпкөк, кардын ак болуп тургандыгы дайыма көрүнөт. Бир жолу Кытайды да космостон сүрөткө тартып алгам. Ал жакка кар жааганда кардын өңү капкара болуп көрүнчү. Бирок Кыргызстанда андай эмес. Менимче келечекте башка өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга мындай кооз жаратылыш үчүн агылып барышы мүмкүн. Анткени бизде суудан тарта бардыгы таптаза. Кыргызстандыктар эң бактылуу адамдар. Мен дагы жумушумду бүтсөм Кыргызстанга барсам деп тилек кылам.
- Алгачкы экспедицияңызга канча убакыт даярдангансыз?
- 10 жыл даярдангам. Азыр профессонал космонавтмын. Ал эми алгачкы фундаменталдык илимий изилдөөдө 200дөй эксперимент кылдым.
- Космонавт болууну самагандарга кеңешиңиз? Алар эмнелерге даяр болуусу керек?
- Эң башкысы кыялданып, ага умтулуу керек жана өзүнүн үстүнөн иштөө шарт. Өзүнүн керт башын ойлобой, башкаларды да ойлогону жакшы. Жетишкен ийгилигиң үчүн ата-энеңе, туулган жериңе ыраазычылык билдирүү маанилүү. Анткени бул ата-эне үчүн кубаныч. Башкысы ниет болсо баары болот.
- Кыргызстанга канча убакытта келип турасыз?
- Учурда жумушум менен алекмин. Алыс жакка чыгуу кыйын, уруксат жок. Мындан 2-3 жыл мурун Кыргызстанга бардым окшойт. Ысык-Көлдө, Өзгөндө, Бишкекте болдум. Балам да учкуч, азыр Бишкекте. Космонавт бол десем “ал кыйын иш” деп баш тартып койду.
- Кыргызстанды сагынсаңыз керек. Эли-журтуңузга эмне тилейт элеңиз?
- Эң башкысы дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда тынчтык болсо деп тилейм. Өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп, башкалар элибизди, мамлекетибизди жакшы жагынан гана билсе жана ар бир адам өзүн эркин сезген өлкө болсо деген аруу тилектемин. Албетте, кыйынчылыктар болот, бирок биз аларды жеңип чыксак баары жакшы болот. Мен буга ишенем. Анткени кыргыздар эмгекчил, аракетчил, өзүнүн, балдарынын келечегине кам көргөн, башкалар менен мамиле түзө билген калк болот. Кыргыздар кыйынбыз жана кийин да ушул бойдон кала беребиз.
- Маегиңизге чоң рахмат!