ПОЭТЕРАПИЯ: "Канча жолу кармасаң да колумдан, ошончо ирет качтым сенин жолуңдан"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Гүлзада Станалиева.

Гүлзада Станалиева акын, адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты. Ал 4 илимий китептин, 40тан ашуун илимий жана публицистикалык макаланын автору, 4 китептин авторлошу. Ырлары жана прозалары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланып келет. Учурда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде окутуучу болуп эмгектенет. Чыгармачылык менен бирге илимий багытта күжүрмөн иштеп, кыргыз адабиятынын учурдагы өнүгүү тенденцияларын изилдеген адис.

Наристеме

Искеп-искеп тойгонум жок жытыңа,
Зарлап-зарлап уга албадым үнүңдү.
Баары бир тең, онтоп жаткан сен бир тең...
Тоё эмбедиң же бир кашык сүтүмдү.

Сыр билгизбей тиштенемин сыртыман,
Эл көзүнө сабырдуудай көрүнөм.
А ичимден чимирилип кан жутуп,
Жытыңды эңсеп түтөгөнүм түтөгөн.

Чымчык болуп эрте жазда учуп кел,
Чырпык болуп бүрдө, балам, көктөмдө.
Сүй дүйнөнү, сүй жашоону, сен, жүрөк,
Куйкаланба, эсиң кетип өрттөнбө!

***

Унут баарын, өткөндөрдү эстебе,
Бактылуу да, бактысыз да кез дебе.
Бүгүнкүнүн бүчүрлөрүн күт, жаным,
Бакыт куруу ушул күндө кеч дебе.

Кайырчыдай тамчы таалай издедим,
Тагдырымдын тарам-тарам жолунан.
Жазмыш дебе, буйрук дебе сен мени,
Издеп жүрүп тапкан жар де арзыган.

Жылдыз болуп жандым сенин түнүңдө,
Обон болдум дирилдеген үнүңдө.
Ай болдумбу, күн болдумбу, билбеймин,
Арзуумду арнап сага келген күнүмдө.

Тамшандырган бакыт жөнүн биле албайм,
Бакыт, балким, жүрөктөрдүн тынчтыгы.
Опол тоодой тирек болчу өзүңсүң,
Кеткен кезде жаштыгымдын курчтугу.

Күн күлгөндөй күлүп туруп мен сага
Көөдөндөгү арзуу ырын арнадым.
Көкүрөгүң уксун, уксун ырымды,
Чын де баары, бир да сөзүн танбагын.

Тамшандырган бакыт жөнүн биле албайм…
Балким, бакыт дил-көөдөндүн актыгы.
Ойдо өзүң, жанда өзүң болорсуң,
Кеткен кезде чабалекей жаштыгым.

Жароокерим, сен да аны билбессиң...
Бакыт жөнүн. Деги аны билет ким?
Бирок, бакыт жаралбашын сүйүүсүз,
Айтат жүрөк, кан тамырым, сезимим.

Ыр - сезимдин иши. Көбүнчө сезимдерге бир нерсе таасир эткенде жазылат. Кээде бир адам таасир этиши мүмкүн. Кээде бир окуя. А кээде жерге түшкөн жалбыракты шамал айдап баратканын көрүп деле эргип жакшы саптар оюма кылт деп келиши мүмкүн. Турмушумда оор сыноолорду баштан кечиргенде төгүлүп ыр жазган күндөрүм болду. 2005-жылы наристем ооруп чарчап калды. Эки кыздан кийин келген уулубуз эле. Ошондо бир жыл бою ыр жаздым. Эч кимди көргүм келбей, эч ким менен сүйлөшкүм келбей, өзүм менен өзүм калган күндөр болду. Чыгармачыл адамдын дүйнөсүн түшүнүп болбойт. Ошондо мен бардык нерсени унутуп, кантип жашап жатканымды сезбей калгам. Ошондо жазган ырларымда муң, кайгы басымдуулук кылат. Бирок кайра эле кош бойлуу болуп, кийинки баламдын жарыкка келишин күтүп жүргөн учурумда жаркын маанай, жашоого ушунчалык тойбогон сезимдер айтылган ырларды жазган экенмин. Мунун баарын азыр, көп жылдан кийин гана талдап, аңдап жатам.

Менин дүйнөм

Улуу Толстой ар бүлөнүн, ар үйдүн
Бирдей болот деген тура бактысы.
Балким, чындыр, балким, Толстой айткандай,
Ар үй бүлө ар башкача бактысыз.

Кара казан кайнап бардык үйлөрдө,
Казан-аяк ар бир үйдө кагышат.
А менимче, ар пенденин чынында,
Багы болор дүйнөсүнө жараша.

Аялдардын жасанганды баалаган,
Күйөөсүнө, ойлойм абдан жеңилдир.
Таарынычын жазыш үчүн бир көйнөк
Сатып берип, оңой сурап кечирим…

Аялдарга күйөөлөрү тамаксоо,
Билбейм, балким, аларга да жеңилдир.
Бир жилик эт, даамы сонун шорпого
Жүрөгүнөн салып коюп бир чымчым…

Мени билсең, мен бир жанмын сөз жаны,
Көйгөй эмес көйнөк бары, жогу да.
Бак кааласаң куду мендей сен дагы
Күйгүн менин ырларымдын отуна.

***

Арзуу эмне алып-учкан жүрөктү?
Сезимдердин бийигиби, пириби?
Сүйүү эмне эңшерилткен дүйнөнү?
Рухтай таза, ал да жандай тирүүбү?

Ал да өлөбү, ал да оттой өчөбү,
Ал да күндөй, мүнөттөрдөй өтөбү?
Келеби ал жол каратпай капыстан,
Кетеби ал жолоочудай жолдогу.

Сүйүү барда башка конуп бак кушу,
Сүйүү өчсө, таалай ташың кулайбы?
Келер күнүм, кетер күнүм кайсы деп,
Курган жандан сүйүү деги сурайбы?

Сүйүү эмне?.. ай тамак да, кундуз чач,
Кызбы сулуу, тал чыбыктай ийилген.
Жигитпи ал, көздөрүнөн жанып от,
Жалт караса, жүрөк эрксиз тилинген.

Аз болобу, көп болобу өлчөмү,
Же өлчөмсүз, уч-мейкинсиз сезимби?
Эске алабы курагыңды жаш, кары?
Эске алабы акылыңды, эсиңди?

Чоң энем кошок айткан, сөзмөр адам болгон. Атамдын бир тууган иниси Самсак Станалиев – Кыргыз эл жазуучусу. Ыр жазуу ушулардан өтсө керек. Атам да жазчу. Үй толо китеп болчу. Адабият, философиядан баштап курулуш, медицина жана башка тармактар боюнча китептер ар бир бөлмөдө китеп шкафта тирелип турчу. Ушундай атмосферанын өзү мага абдан таасир этсе керек деп ойлойм.

Акындын жаш кези

Поэзияга
Канча жолу кармасаң да колумдан,
Ошончо ирет качтым сенин жолуңдан.
Ойлогонмун бошоном деп бир кезде,
Жүрөгүмө салган сенин торуңдан.

Бирок сенсиз өмүр өттү маңызсыз,
Күнөөлөймүн сүйгөнүмдү жазыксыз.
Каңгып калдым жолум таппай дел болуп,
Өзүңдөгү өрт дүйнөлүү жарыксыз.

Сүйсөм сүйүүм же сүйүүгө окшобой,
Же бакытым ырыс күтүп токтобой...
А кезинде ишенгенмин тынч жашап
Өтөрүмө сени такыр жоктобой.

Эми кайра эт жүрөгүм эзилип,
Келдим сага бир өмүрдү кечирип…
Айып этпе сенсиз өткөн өмүрдү,
Алганыма жалыны жок кетирип.

Канча жолу кармасаң да колумдан,
Ошончо ирет качтым сенин жолуңдан.
Ойлогонмун бошоном деп бир кезде,
Жүрөгүмө салган сенин торуңдан.

Эргүү келген учурда жай жашооң будуң-чаң болот да, калат. Мен айланамды көрбөй калам, эргүү келген учурда. Эч ким мага келип жолтоо болбосо экен дейм андайда. Өзүм менен өзүм калып жазчумду жазып алсам дейм. Жерге-сууга батпай калам. Төгүлүп чыгарма жазылбай калганда, ыйлагым келет. Көкүрөккө бук толот кайрадан. Кээде тескерисинче, себепсиз бактылуу болуп, дүйнөдө бардык нерсе көзгө сонун көрүнүп, ырахаттана берем. Айтор, эргүү учуру кызык учур. Эргүү узак убакытка чейин сакталып турса жакшы. Бирок турмуш талаптары дароо эсиңе келтирип, "муну жаса, аны бүтүр" деп желкелеп кирет да, эргүүмдү чыгармачылыкка жумшай албай калган учурларым көп эле болот. Ушундан улам эргүү келип ыр төгүлүп жаралбай калган учурларымда ыр окуйм.
Ырды чакырам, эргүү чакырам. Ошентип жүрүп Ютубдан ILHAM.KG деген адабият каналын ачып алганмын. Ал жерге кыргыз жана дүйнөлүк адабияттан ырларды, прозалык чыгармаларды окуп турам. Ар бир чыгарманы жолдошум маанисине жараша видео, музыка менен жасалгалап берет. Экөөбүз жумуштан кийин же дем алыш күндөрү ушул каналыбызга чыгарма окуп жүктөп убарабыз. Азыр катталуучуларыбыз да көбөйүп калды. Бизди колдогон, шыктандырган адамдардын саны арбыды. Каналыбыздын артынан тааныла да баштадык. ILHAM.KG биздин жашообузга өзгөчө дем берген жумушубузга айланды.

Пардалар

Күрсүнүштү чарчагандай пардалар,
Күүгүм талаш тереземди жабарда.
Чечип алып, жууп аптапта кургаттым,
Ыргалышты жыргап таза абада.

Ийилишти жандап өтсөм куунашып,
Желбирешти, колдоруман сылашты.
Көңүл сергип, пардаларга кошулуп,
Эски обонду ырдап, мен да жыргадым.

Пардалардай чаңдан, ыштан арылган,
Кирдеп турган көңүл дагы тазарды.
Тууган-досум жазалбаган капамды,
Таза жуулган ак пардалар жаза алды.

Ырларымды карасам, ар түрдүү темаларга кайрылат экенмин. Жеке жашоом, тиричиликтеги майда-барат нерселер, баары бар. Пардаларымды терезеден чечип алып, жууп жайып, алар желге желбиреп тазарып турганын көрүп, "Пардалар" деп да ыр жазыптырмын. Короодогу розаларым кар түшкөнчө гүлдөсө, аларды да жазгам. Кошуна аялдын тагдыры жанымды кейитсе, ага да кайрылгам. Чек арада чыр чыгып, энелер чырактай уулдарын жоготуп ичинен кан жутуп турганда, "Ыйлабасын энелер" деген эки элди ынтымакка чакырган, тынчтыкка үндөгөн ырым жазылган. Ал ырымды тажик акыны Сураё Хакимова тажик тилине которуп, социалдык тармактардан таркатты. Бул жагынан менде Кудайга шүгүр, түрдүү темаларга кайрыла берем.

***

Бурганактап жаады тынбай жумшак кар.
Буурул таңда чыгып кеткем үйүмдөн.
Өткөн өттү өкүнгөндө эмне арга,
Өткөнгө да, кеткенге да кейибейм.

Ич ачышса илең-салаң өткөргөн
Бүгүнкүмө, азыркыма ачышат.
Өткөн өттү, өчүн алган ал менден,
Кеткен кетти, кегин алган ал менден.

Бурганактап жааган кар да басылды.
Бугум чыкты, буурул басты чачымды.
Буйтап өттүм татаалдыкты деп жүрүп,
Көп нерсени уттурганым бар чыны.

Күүгүмдөтө кирип бардым үйүмө…
Мени күтүп чырак жанып туруптур.
Бир саамга эле кирдим… кайра кетемин,
Сапарлашым, кетпей сыртта күтүп тур.

Акын болуу - бул тагдыр. Ыр жазам деген киши акындын жеңил эмес тагдырын көтөргүдөй болушу керек. Акынды ар кандай ушак-айың, жүрөк ооруткан сөз, сөз тургай көз караштар ээрчип алат. Бул ырын кимге жазды экен? Бул ырында кайгырыптыр, шордуу бирөө окшойт деп сыртыңдан кеп кыла беришет. Бир жолу биз жолдошум, балдарым болуп бир майрамда жыргап жүрсөк, бир таанышым чалыптыр. Алсам, "Баары жакшы элеби? Жакшы эле жашап жатасыңбы" деп сурайт. Анын неге минтип сурап жатканын кайра өзүнөн сурадым. Көрсө, бир гезит мурун жазган ырларымды жарыялаган экен. Тиги таанышым ошол ырларымды окуп алып, чалыптыр. Ал ырлардын биринде бир учурдагы таарыныч, ызамды жазган экем. Андай таарыныч, ыза кимде болбойт. Ар бир киши, ар бир үй-бүлө түрдүү жагдайларды башынан өткөрөт. Башкысы ошол жагдайларды жайгарып, жашап кетүү да. Чыгармачыл адам көп учурда ызаланганда, капаланганда жазат. Ошентип ичиндеги бугун чыгарат. Кээ бир адамдар ызасын, капасын бирөөгө айтып бошонот, айрымдар ичкилик ичет, өнүккөн өлкөлөрдө психологго барат же йога сыяктуу өзүн башкарууга багытталган көндүмдөр менен жагдайдан чыгып кетет. Ыр да мен үчүн ошондой психологиялык бир абалымды жайгаруунун жолу.
Ыр жазган жаштарга айтарым ушул. Ыр жазган киши башкалар эмне дейт деп этияттана берсе, жазышы кыйын болот. Жасалма ырлар жазылат. Мен да ошондой ырларды жазган учурларым көп болду. Дайыма эле ичтеги сезимдер, ой-чабыт төгүлүп жакшы ыр болуп түшө бербейт экен. Бирок, өз учурунда жан дүйнөңдүн кыйкырыгын, сезимдердин ташкынын тартынбай жазып калыш керек. Кезинде ал ырлардын айынан, мисалы, жубайлардын же сүйүшкөн кыз-жигиттин ортосунда деле түшүнбөстүк болуп, чыр чыгышы мүмкүн. Бирок убакыттын өтүшү менен ошол ырлар өз баасын алат. Кездер болот андай ырлар табылбай калган, жарата албай калган. Ошондуктан, ар бир оргуштап келген сапты жазып, сактап калыш керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан