Кыргызстан Өзбекстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча биргелешкен ишти улантууну көздөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин мамлекеттик сапарынын алкагындагы кеңири форматта жолугушуу учурунда айтты.
“Биздин өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлери баш болгон ыйгарым укуктуу органдар тоо-кен тармагы, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө, энергетикада, курулушта, инфраструктурада жалпы суммасы 1,5 миллиарддан ашык АКШ долларына биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча чоң иштер аткарылды”, - дейт Жапаров.
Өлкө башчы пландаштырылган долбоорлор жакынкы аралыкта толугу менен ишке ашарына ишенерин билдирди. Инвестициялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн "Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү" фондунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну сунуштады.
"Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү" өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абад облусунда пахтаны кайра иштетүү, текстиль өндүрүшүн, соода-логистикалык борборлорду түзүү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен ишкананы каржылоонун маанилүүлүгүн белгилегим келет. Биргелешкен долбоорлор биздин өлкөлөрдүн чек арага жакын аймактарынын калкынын жана өнөр жайынын керектөөлөрүн камсыздайт", - деди мамлекет башчы.