Баткенде 27 жаштагы Руслан Рашид уулу изделүүдө

Баткен районунда Руслан Рашид уулу дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Бужум айылынын 47 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызында 2022-жылдын 29-апрель күнү уулу 1995-жылы туулган Руслан Рашид уулу өзү жашаган үйдөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин билдирип, аны издөөгө көмөктөшүүнү суранган.

Белгилери: арык чырай, көзү кара түстө, чачы күрөң, бою 165-170 сантиметр, психикалык жактан жабыркабайт. Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.

Эгерде сүрөттөгү жигитти көрүп билгендер болсо, Баткен РИИБге кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Байланыш номурлар: (03622) 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2023-01-30 12:22:00
Бир жылга чукулдап калыптыр го малың жоголсо деле издейсиң го ошол күнү эле. Эмнеге бир жылга таяп калса да бул адамдын дайыны жок. Тажикстанга канча жолу барып атышат биздин чиновниктер ошол жактан талап кылыш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан