Кыргызстан менен Түркия соода алаканын суммасын 2 миллиард долларга жеткирүүнү пландоодо

2023-жылы кыргыз-түрк соода алакасынын жалпы көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган "Пирамида" телеканалына берген маегинде билдирди.

"2022-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү 1 миллиард долларга жетти. Максатыбыз бул көрсөткүчтү 2023-жылы 2 миллиард долларга жеткирүү. Албетте, мында эки мамлекеттин ишкерлеринин салымы чоң", - деди ал.

Түрк элчиси ошондой эле инвестиция тармагында да жакшы кызматташуу жүрүп жатканын белгилеп, акыркы мезгилдердеги эң маанилүү инвестициялык долбоорлорго токтолду.

"1995-жылдан 2005-жылга чейин алганда түрк ишкерлеринин Кыргызсатнга салган инвестицияларынын жалпы көлөмү 2 миллиард долларга жетти деп айта алам. Түрдүү тармактарга салынган инвестицияларыбыз бар. Аларды атай кетсек, "Түрк аба жолдору" авиа-компаниясы, "Демир банк", "Эти-Бакыр-Терексай" алтын иштетүү компаниясы, Анадолу холдинг тарабынан иштетилген "Коко-кола" компаниясы, "Шератон" мейманканасы, "Бишкек парк" соода борбору, "Кудрет көз" ооруканасы Жалал-Абад, Кадамжай аймактарында иштетилип жаткан тоо-кен ишканалары. Ушул сыяктуу бир топ инвестициялырыз бар", - деди Ахмет Садык Доган.

Ал муну менен катар Кыргызстанда чет элдик инвесторлорго, өзгөчө түркиялык инвесторлорго жеңилдиктерди бере турган бир катар мыйзамдар кабыл алынганын белгилеп, бул үчүн кыргыз бийлигине терең ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан