"Күйөөсүнө видео кетирүү үчүн сабап". Милиция Кадамжайда сабалган наристе боюнча үн катты

Баткен облусунун Кадамжай районунда наристени аёосуз сабаган аялга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 27-январында Кадамжай районунун тургуну 1984-жылы туулган А.Б. милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал жарандык никеде жашап жүргөн аялы 2 жаштагы кызын уруп, зомбулук көрсөтүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган маалымат электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталган. 2020-жылдын март айында Кадамжай районунун 1984-жылы туулган А.Б. Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. менен жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылдын 13-мартында А.Х. аттуу кыздуу болушкан. 2023-жылдын январь айынын башында экөө келишпестиктин айынан чогуу жашабай калышкан.

Ошол себептен аялы өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp аркылуу жиберген.

Аталган факты боюнча наристеге карата соттук-медициналык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалып, Ш.М. уюлдук телефондору далил буюм катары алынган.

Учурда тергөө уланууда.

Буга чейин социалдык тармактарда аял киши жаш баланы аёосуз сабап жаткандагы видео тараган.

Видео: Интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан