Социалдык тармактарда кичинекей баланы уруп жаткан аялдын видеосу тарады.
Анда аял баланы башка чапкылап, "ыйлаба, жетим" деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Муну менен катар тарап жаткан аудио жазууларда ошол эле аял “Ал үчүн да, мага да бул жерде кыйналгандын ордуна, тиги дүйнөгө кеткен жакшы" деп айтып жатканын угууга болот.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя Баткендин Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында орун алган.