Сот отурумдарына катышкан прокурорлор ишти эң жакшы билишет. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында айтты.
"Ал прокурорго карата кысым болгон жок. Ишти эң жакшы ошол прокурор билет. Прокурор ички туюму менен кылмыш бар деп эсептесе, мыйзам боюнча сураганга акысы бар. Бул жумушта боло турган эле нерселер", - деди Зулушев.
Ошондой эле Зулушев Болот Назаров акталбаганын, жабырлануучу тарап тосмо арыз жазгандыктан иш кыскарганын билдирди.
19-январда сот отурумунда прокурор Болот Назаровду 10 жылга эркинен ажыратууну суранган.