Анкара шаарындагы президенттик сарайда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркия өлкөсүнүн вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу достук, бир туугандык мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.
Өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташуу, түрк инвестицияларын Кыргызстанга тартуу, ошондой эле түрк ишканалары менен кыргыз тараптын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулганы айтылат.
"Тараптар эки тараптуу сооданын олуттуу өскөндүгүн канааттануу менен белгилешип, аны жогорулатуу боюнча мындан аркы аракеттердин зарылдыгы жөнүндө пикирлерин билдиришти, ошондой эле ушул жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин отурумунун алдында өтө турган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү пландарын талкуулашты", - деп жазылат маалыматта.
Элчи Руслан Казакбаев менен вице-президент Фуат Октай эки тараптуу Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун эртерээк түзүү, саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну (бул макулдашууда жыл сайын Кыргызстандын 150 жаранын Түркиянын ооруканаларында акысыз дарылоо каралган) жаңыртуу маселесин талкуулашканы маалымдалат.
Ошондой эле кыргыз тарап жыл сайын берилүүчү квотаны көбөйтүү өтүнүчүн билдирген.