Элида Асанбекова саламаттыкты сактоо тармагында 28 жылдан бери иштеп келе жатат. Эмгек жолун эң алгач №5 төрөт үйүнөн баштаган. Андан кийин №6 поликлиникада участкалык врач акушер-гинеколог болуп 20 жыл иштеген. Андан кийин стационарга которулуп кеткен. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы №1 шаардык ооруканасында эмгектенет. Жогорку даражадагы врач акушер-гинеколог, Саламаттыкты сактоонун отличниги жана башка көптөгөн ардак грамоталардын ээси.
Элида айым алгач айымдардын эң көп кайрылган суроолоруна жооп берүү менен маекти баштады.
- Акыркы учурларда көп айымдардан "боюмда болбой жатат" деген сөздү көп угуп жатам. Чындап эле кош бойлуу боло албай жүргөндөр көп болуп жатабы?
- Ооба, азыр муну актуалдуу көйгөй деп да айтсам болот. Мурда биз, күйөөлөрү жалаң эле келиндерди, кыздарды күнөөлөй берчүбүз да. Азыр болсо эркектерде да мындай көйгөй көп кездешип, тукумсуздуктун себеби 50 пайыз эркекте, 50 пайызы аялдарда болуп жатат. Азыр жаш балдарда да тукумсуздук көп болууда. Биринчиден, инфекция көп, экинчиден, кыздар эрте турмушка чыгып жатышат. Анткени кыздын организми - гормоналдык фон аял кишиники толук түрдө 18-19 жашта гана өз ишин аткарат. Ошондой эле жаш кыздар аборт кылган учурлар кездешет. Эгерде алар врачтын көзөмөлүндө аборт кылса жакшы, жаш кыздар тааныштарынан угуп же интернеттен көрүп алып таблеткаларды өз алдынча колдонушат. Аларга дарыны дарыканада иштегендер сатпайт, алар "Ош базарына" барып сатып алышып, өз алдынча колдонуп боюнан түшүрүшөт. Бул деген абдан кооптуу.
- Кыргызда бойго бүтпөсө аялын күнөөлөп, өзүн "таза" сезген, ооруканага басып да барбаган мырзалар кездешет да. Сиздин иш тажрыйбаңызда ушундай көйгөй менен кайрылгандар болду беле?
- Туура, эркектер дайыма "мен тазамын" деп айтат. Менде эч кандай көйгөй жок, даттануу жок дешет. Ал туура эмес. Эгерде үй-бүлөсүндө тукумсуздук көйгөйү болуп жатса, күйөөсү милдеттүү түрдө келип врачтан маалымат алуусу керек. Жалаң эле аялына жүктөп салбай, аялын күнөөлөбөй өзү да сөзсүз түрдө врачтын көзөмөлүндө болуп, консультация алышы керек. Азыр тукумсуздук маселеси 50 пайыз аялдарда болсо, 50 пайызы эркектерден көз каранды. Эркектерде да инфекциянын таасири, башаламан кошулуу, туура эмес тамактануу, туура эмес жашоо образы ушунун баары келип тукумсуздукка алып келүүдө. Азыр көпчүлүгүбүз аз кыймылдайбыз, эртең менен машина менен кетебиз, кечинде келебиз, тамак ичебиз, жатабыз. Мурда бир жылда 10 аял бойго бүтпөй жатат деп кайрылышса, акыркы учурларда бир күндө 10 аял кайрылат.
- 28 жылдан берки иш-тажрыйбаңызда мурда аялдар өздөрүнө кандай көңүл бурушчу эле, азыр кандай гинекологиялык жактан сабаттуулугу бир аз жогорулай баштадыбы?
- Мындан 15 жыл мурда аялдар көп кайрылышчу эмес. Азыр болсо жакшы. Азыркы заманда жаштар интернетте маалымат көптүгүнөнбү же жаш кыз-келиндердин аң-сезими көтөрүлгөнгөбү кайрылгандарына жакшы деген баа койсо болот. Азыр кыздар кичине эле көйгөй болсо дарыгерге келип көрүнүп, кеңеш сурап аракет кылышат. Бат түшүнүшөт, кээде биз айта электе эле "эже, мен бул жакка барып көрүнүп келбейминби" деп кайра бизге жардам да беришет, ошол жагынан жакшы.
- 28 жылдан бери эсиңизде калган окуялардан болсо айтып өтсөңүз...
- Бир жолу бир келин көрүнгөнү келиптир. Анан мен ал тууралуу маалыматтарды кагазга жазып отуруп чечине бер деп койдум. Жазып бүтүп эле баягы келинди карасам энеден туума жылаңач болуп маңдайымда турат (күлүп). Бардык кийимин чечип салыптыр. Анан мен күлүп эле "ай, эмне кийимиңдин баарын чечип салдың" десем, ал "эже, чечин дебедиңизби, анан чечиндим" деп күлөт. Анан экөөбүз тең күлүп эле, кийин эми десем, кайра бардык кийимин кийип алыптыр (күлүп). "Ой, эмне кайра баарын кийинип алдың десем, кийин дебедиңизби деп кайра күлөт. Ошентип ага ылдый жагыңды эле чеч, мага көрүнгөнү келдиң беле деп түшүндүрүп атып араң көргөм.
Ошондой эле ал жумуш үстүндө маанайды түшүрө турган да окуялар кездешип турарын билдирип, башынан өткөн окуясы менен бөлүшө кетти.
- Бир жолу бир келин кайрылды. Ал биринчи баласын төрөптүр. Андан кийин 10 жыл боюнда болбой жүрүптүр. Анан мага келип көрүнүп, дарыланып жүрүп боюна бүттү. Кош бойлуу учурунда бардык анализдери жакшы чыгып, эч кандай даттануу болгон эмес. Анан баягы келин көз жарды, баласы жүрөгүнөн кемтик төрөлүп төрөтканада 3-4 сутка жаткандан кийин эле чарчап калыптыр. Ал окуя абдан өкүнүчтүү болду. Себебин бүт анализдеп чыктык, бардык анализдери жакшы чыгып жатса эмнеге андай болуп калды деп аябай ойлонуп, жаман болуп жүрдүм. Бизде ар бир келин көрүнүп, төрөгөндөн кийин баласын көтөрүп келсе абдан сүйүнөбүз. Анан баласы чарчап калса биз үчүн аябай өкүнүчтүү болот.
Анан бир күнү баягы келин келип аябай ыйлап өзүн күнөөлөп айтып берди. Көрсө, кош бойлуу учурунда абдан катуу сасык тумоо болуптур. Анан көрүнөйүн десе кайненеси каршы чыгып, ооруканага жибербей коюптур. Ошону менен ал мага жакшы болгондо келип көрүнүп, оорусун жашырып коюптур. Эгерде ошол учурда мага келип көрүнсө убагында дарылап жакшы болуп кетмек да. Келин мага аябай ыйлап өкүнгөн. Андан кийин 3 жылдан кийин кайра кош бойлуу болуп, 9 айга чейин жакшы көрүнүп жүрүп, аман-эсен кыз төрөп алды. Анан мага чалып сүйүнчүлөп, "Эже сиздин атыңызды койсом каршы эмессизби? Элида деп коёлу деп жатабыз" деди. Мен "жок, эмнеге каршы болмок элем мага окшоп врач болсун" деп ырым кылып койдум. Мен абдан сүйүндүм, кантсе да Умай энеси менмин да (күлүп).
КЫЗДЫГЫМ БАР ДЕП АЛДАГАН КЫЗДАР БОЛОТ
- Жаш кыздар келгенде мен эң алгач "жыныстык катнашта болдуң беле" деп сурайм. Алар жок болгон эмес деп жооп беришет. Анан эмне себеп менен кайрылып жатасың десем, выделение болуп жатат, кычышып жатат жана башка ар кандай себептер менен кайрылышат. Эгерде кыз 18 жаштан жогору куракта болсо анда биз өзүбүз карай беребиз, эгерде 18 жашка чыга элек, жашы жете элек болсо биз карабайбыз. Жалгыз келсе апаңды же эжеңди ээрчитип кел деп айтабыз. Себеби жашы жете элек кыздарды өз алдынча караганга акыбыз жок, сөзсүз түрдө жанында бирөө келип карап турушу керек. Эгерде кыздыгы жок болсо жок экен, бар болсо бар деп айтам. Кээ бир кыздар кыздыгы жок болсо "мен бир жолу гинекологго барсам, анализ алам деп кыздыгымды тешип салган" деп актанышат. Жок, эч качан гинеколог кыздыгына тийишпейт, кыздардан анализге керектүү нерсени кичинекей ичке "зонт" менен алабыз. Анан кээ бир кыздар велосипед тээп баратып жыгылып кыздыгым айрылып калган деп айтышат. Анын баары жалган, миф.