Аскерде альтернативдик кызмат өтөгөндөргө төлөмдү көбөйтүү сунушталды

Аскерде альтернативдик кызмат өтөөгө төлөмдү көтөрүү сунушталууда. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Аны Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев демилгелеген. Ага ылайык, төлөмдү көбөйтүү боюнча төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда:
- үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик кызматка чакырылган жарандар үчүн 50 миң сом (учурда 18 миң сом);
- диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуш аткарууну каалоосун билдирген жарандар үчүн 100 миң сом (учурда 25 миң сом);
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдеринде каралган, 22 жашка толгон, аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана чакыруудан кийинкиге калтыруу же бошотуусу болбогон жарандарга аскердик кызматка чакыруудан качкандыгы үчүн тергөө органдары, прокурор же сот чечими болсо 300 миң сом (учурда 50 миң сом).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан