Пакистандын экс-президенти Первез Мушарраф каза болду
Пакистандын экс-президенти Первез Мушарраф каза болду. Ал жекшемби күнү узакка созулган илдеттен улам 79 жашында Дубайдагы ооруканада көз жумганы айтылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф 1943-жылы 11-августта Индиянын Дели шаарында туулган, ал кезде Индия Улуу Британиянын колониясы эле.
Мушарраф 2001-2008-жылдары Пакистанды башкарган. Ал президенттиктен импичмент кооптуулугунан улам отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин Улуу Британияга көчүп кеткен.
2011-жылы Пакистандын Федералдык тергөө агенттиги Первез Мушаррафты 2007-жылы декабрда Равалпинди шаарындагы митингде каза болгон Беназир Бхуттонун өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп айыптаган. 2014-жылы ага сот өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыгарып, бирок эки жылдан кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берген. Ошондон бери ал Дубайда жашап жүргөн.