"Сайраңдап эле жүрүшөт". Депутат кыргыз элчилери иштебей жатканын айтты

Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилери иштебей жатат. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты.

"Тышкы иштер министрлигинде отургандарды тазалаш керек десем, булар "Биз бүт профессионалдар иштейбиз" деп чычалашкан. Кана иштегендери? Иштебейт булар. Биз эмне элчилердин отчётун албай 2022-жылды бүтүрүп жиберебизби. Алар барып сайраңдап эле жүрүшөт. Бир элчи ушунча инвестор тарттым деп айта элек", - деди Атазов.

Депутаттын бул сын-пикирин кесиптеши Айбек Осмонов дагы колдоого алды.

"Элчилер 2022-жылдын эмес, 2021-жылдын отчётун берише элек. Ушул жерге келише элек. Шайланардын алдында келип шайланып, андан кийин келишпейт", - деди Осмонов.

Ошондой эле Айбек Осмонов аппаратка март айында 10дон ашык элчини отчёт берүү үчүн чакырууга протоколдук тапшырманы берди. Депутат биринчи кезекте Түркиядагы элчи отчёт бериши керек экендигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан