Кыргызстанда бир жумада (30-январдан 5-февралга чейин) COVID-19дун 7 учуру аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.
Кабарга таянсак, алардын ичинен беш бейтап ооруканага жаткырылган.
2022-жылы жана 2023-жылдын 36 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 851 учуру катталды.