Төрага Шакиев депутаттарга КМШ ПААнын жана ЖККУ ПАнын сыйлыктарын тапшырды

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев айрым депутаттарга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА), Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) жана Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Ага ылайык, КМШ алкагындагы маалымат мейкиндигин калыптандырууга кошкон көрүнүктүү салымы үчүн КМШ ПААнын жана мамлекеттер аралык "МИР" телерадиокомпаниясынын "Древо дружбы" күмүш медалы депутат Медербек Алиевге ыйгарылса, депутаттар Акылбек Түмөнбаев менен Улугбек Ормоновго ассамблеянын 30 жылдыгына арналган мааракелик медалдар берилди. Ушундай эле мааракелик Эстелик белгилери Балбак Түлөбаевге, Султанбай Айжигитовго, Жалолидин Нурбаевге тапшырылды.

Мындан тышкары, “Парламенттик кызматташууну бекемдегени үчүн” аталышындагы ЖККУ ПАнын медалдары менен депутаттар Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев жана Улан Бакасов сыйланды.


Ошондой эле ЖККУ ПАнын ардак грамоталары Данияр Төлөновго, Аманкан Кенжебаевге, Лейла Луровага, Гүлкан Молдобековага, Замирбек Мамасадыковго, Кундузбек Сулаймановго жана Алишер Эрбаевге ыйгарылып, Азизбек Турсунбаев менен Алишер Козуев Жогорку Кеңештин ардак грамотасын алышты.

Иш-чаранын соңунда төрага Нурланбек Шакиев эл аралык байланышты чыңдоодо жана парламентаризмди өнүктүрүүдө сыйлык ээлеринин салымы чоң экенин белгилеп, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан