Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу Кыргыз жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу ТИМ берген маалыматта жазылат.
Маалыматка караганда, Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу башкармалыгынын (AFAD) маалыматы боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар арасында Кыргыз жарандары жок.
Кыргызстандын элчилиги Стамбулдагы жана Анталиядагы Башкы консулдуктар менен биргеликте Түркиянын компетенттүү органдары менен жер титирөөдөн каза болгондор жана жабыр тарткандар арасында Кыргыз жарандары боюнча маалыматтарды тактоо боюнча иш алып барууда.
Түркияда жашаган Кыргызстандын жарандары ишеним телефондору аркылуу зарыл болгон учурда жардам же кеңеш ала алышат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алды. Жер титирөө Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилген.
Жер титирөөнүн кесепетинен жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00гө карата өлкөнүн жети аймагында 76 адам каза болуп, 440 адам жарадар болгон.