Кыргыз Республикасынын Эл артисти Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 7-февралда саат 10:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Белгилей кетсек, белгилүү кинорежиссёр Базаров 6-февралга караган түнү дүйнө салган.