Түркияда үчүнчү ирет катуу жер силкинди

Түркияда күчү Бишкек убактысы боюнча саат 16:51де күчү 5,8 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянуу менен РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Малатья шаарынан 17 чакырым алыстыкта ​​болгон. Очок сегиз чакырым тереңдикте жаткан. Бул жер титирөөдөн кыйроолор жана каза болгондор тууралуу маалымат жок.

Бүгүн, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер титирөөдөн акыркы маалыматтар боюнча 912 адам каза болуп, 5 миңден ашуун адам жаракат алган.

Андан кийин Бишкек убактысы боюнча саат 16:24тө Түркиянын борбордук бөлүгүндө күчү 7,7 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан