ӨКМнын куткаруучулары Түркияга жардам көрсөтүүгө барат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Түркияга жер титирөөдө жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн барышат. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, бүгүн ӨКМнын 63 куткаруучусу жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алды. Жер титирөө Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен 912 адам каза болуп, 5 миңден ашуун адам жарадар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
udoqawje
2023-02-06 19:08:00
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан