Бишкек мэри былтыр канча мектеп курулганын айтты

Былтыр Бишкекте 15 мектеп курулган. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров бүгүн, 6-февралда муниципалитеттин жыйынтыктоочу коллегиясында билдирди.

Коллегияда маалымдалгандай, 2022-жылы капиталдык курулуш чөйрөсүндө республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен 6 миң 445 орунга ылайыкталган 15 мектеп жана 140 орундуу 1 бала бакча курулган.

Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен Кара-Жыгач конушундагы бала бакчанын жана №72 орто мектебинин галереясынын курулушу аяктаган. Ошондой эле №8 бала бакчанын капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
udoqawje
2023-02-06 19:08:00
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан