24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаева УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-февралда Фейсбуктагы баракчасына жазып, чакыруунун сүрөтүн жарыялады.
Маалыматка караганда, ага чакыруу 3-февралда келген, бирок бүгүн саат 17:00гө жылдырылганын билдирди.
Оторбаева күбө катары чакырылганын, бирок кайсы иш боюнча экенин тергөөчү ачыктабагандыгын кошумчалады.