Ыдырыс Исаков экинчи жолу суракка чакыртылганын айтты

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков экинчи жолу суракка чакыртылганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-февралда социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кошумча суроолор бар экенин айтып, дагы суракка чакырган.

"Кыргызстанда кылмыштуулук азайып, тергөөчүлөр бекер калгандай болуп, милициянын менин аракетимден кылмыштын курамын издеп жаткандай. Мен ушу бийлик дегенди түшүнө албайм. Көксөгөн бийликке жеткенден кийин мурчуюп отуруп жумушту кыла берсе эмне болот? Же менин Жапаров президент болгонго чейинки сөзүм эми бирдемени чечеби? Кырдаалга эми таасир этеби? Негизи эле элдин бийликке ичи чыкпаганга, алымсынбоого, нааразы болууга да акысы жокпу? Кыскасы милицияга азыр кайра барам. Мен ушундай бекерчимин", - деди Исаков.

Белгилей кетсек, кечээ Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакыртылган болчу. Ал күбө катары суралганын шаардык милициядан билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dasta
2023-02-06 21:14:00
Текебаев айткан туппа туура болуп бара жатат. Барып, барып Туркмондор биздин алдывызда афтертеттуурак болуп калат окшойт бизде секинден соз эркиндиги буула баштады кыргызга керек активистерди четинен сурак кылып
0
bekalife
2023-02-06 22:01:00
Кээде ашырып жиберетта бул дагы
+2
patriot.kg94
2023-02-07 09:53:00
Чакырса бар да сени не кой бул бекерчи эмес иши коп деп чакырбай коюш керекпи,катындарга окшоп арызданып эле журо бересинда
+2
Azat-123
2023-02-08 17:06:00
Өй бала сен адам болбойсуң
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан