Журналист Марат Тагаев жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айнура Аскарова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына министрликтен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон.
Аларды министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырып, жооптуу кызматта ийгиликтерди каалаганы айтылат.