Кемин шаарында Калкты тейлөө борбору пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, калкты тейлөө борборунун ачылышына Жогорку Кеңештин Транспорт коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков, Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев баштаган жетекчилер катышты.
"Жаңы имараттын жалпы аянты 1168 чарчы метр. Анын ичинен 600 чарчы метри Калкты тейлөө борборуна берилген. Кардарларды тейлөөгө бардык ыңгайлуу шарттар каралган. Маалымат берүү терезесинен тартып, балалуу энелерге ыңгайлаштырылган бөлмөлөргө чейин эске алынган. Тейлөө негизинен электрондук тартипте жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.