Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактардагы Кыргыз жарандарынын саны боюнча так маалымат жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Элчинин айтымында, буга Кыргыз жарандарынын көпчүлүгү Кыргызстандын консулдук мекемелеринде каттоого турбаганы себеп болууда.
"Белгилүү болгондой, 6-февралда Түркияда кайгылуу окуялар болду. Анын кесепетинен жүздөгөн адамдар каза болуп, миңдеген адамдар жарадар болду.
Боордош түрк элине, каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Биздин боордош түрк элибиз үчүн ушундай оор мезгилде өз ара колдоо жана жардам абдан маанилүү. Жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу жөнөтүлдү. Жакынкы күндөрү кыргыз элинен гуманитардык жардам жөнөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын элчилиги Стамбулдагы жана Анталиядагы Башкы консулдуктары менен биргеликте Түркиянын компетенттүү органдары менен жер титирөөдөн каза болгондор жана жабыр тарткандар арасында Кыргыз жарандары бар-жогун тактоо боюнча иш алып барууда.
Консулдук юридикалык жардам жана консультацияларды көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлүп, анын алкагында ишеним телефондору кызмат берүүдө. Тилекке каршы, Түркияда жашаган Кыргызстандын көптөгөн жарандары Кыргызстандын консулдук мекемелеринде каттоого турбагандыктан, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардагы мекендештерибиздин саны боюнча так маалыматыбыз жок.
Кахраманмараш, Газиантеп, Адана, Малатия, Хатай, Османие, Мерсин, Адияман, Диярбакыр, Шанлыурфа, Килис сыяктуу эң катуу кыйроо болгон шаарлардагы жарандарыбыз менен түз байланышыбыз жок. Ушуга байланыштуу жарандарыбыз менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранабыз.
Жабыркаган аймактарда болушу мүмкүн болгон туугандарыңыз, досторуңуз жана тааныштарыңыз менен байланышыңыз. Мекендештерибизде баары жайында экенин сурап билип алып, жардам керек болгондордун байланыш маалыматтарын бизге бериңиздер", - деп жазган Казакбаев.
Түркиядагы өкүлчүлүктөргө төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот:
Түркиянын жабыркаган аймактарында жашаган мекендештер, ошондой эле Элчилик менен Консулдуктарга Кыргыз жарандарын издөөдө жардам берүүнү каалагандар да жогоруда көрсөтүлгөн телефондорго кайрылса болот.