Түркиядагы жер титирөөдө жабыркаган аймактарга жардам көрсөтүүнү каалаган жарандар Бишкек шаарындагы Түркиянын элчилигине кайрылса болот. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда элчиликтен кабарлашты.
"Түркия Республикасынын аймагында болгон жер титирөөлөргө байланыштуу жардам көрсөтүүнү каалагандар тизмеде орун алган буюмдарды баштыкка (ичи көрүнгөн) салып, үстүнө кандай буюм бар экенин жазып, Элчиликке алып келишсе болот.
Жардам көрсөтүү алкагында алып келинген буюмдардын мүмкүн болсо мурда колдонулбаган жана кыш шарттарына ылайыктуу болуусун күтөбүз", - деп жазылат билдирүүдө.
Керектүү буюмдардын тизмеси:
Кышкы кийим (чоңдор жана балдар үчүн)
Башка керектүү буюмдар:
Азык-түлүк кутусу (сактоого туруктуу тамак-аштар-консерва)
Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 89,