Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңешинин өкүлдөрү Майндагы Франкфурт шаарында «Creativeworld» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Маалыматты ТИМден билдиришти.
Көргөзмөнүн ачылышы 4-февралда болуп, ага Кыргызстандын кол өнөрчүлүк кеңешинин президенти Нурзат Жээнбек жана Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн өкүлдөрүнүн бул көргөзмөгө катышуусу АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин Борбордук Азиядагы соода программасынын жана Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.