Аламүдүн районунда социалдык шаарча ачылды (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүйдүн Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы социалдык шаарчанын ачылышына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, социалдык шаарчанын жалпы аянты 3340 чарчы метрди түзөт. Ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга ылайыкталган.

"Социалдык шаарчада бардык шарттары бар 15 үй (ар биринде 2ден батир), 25 орундуу бала бакча, мечит жана үйлөрдү ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу суу мунарасы бар", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун өкүлү министрлер кабинетинин башчысына социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан