"Торугарт" өткөрмө бекети убактылуу жабылды

"Торугарт" көзөмөл-өткөрмө бекети жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, унаа жолдун Кытай тараптагы бир бөлүгүнө тоодон таш түшкөн.
"Учурда Кытай тарап жолду тазалап жатат. УКМКнын Чек ара кызматы жүк ташуучуларды кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырат. Өткөрмө бекет ачылганда кабар берилет", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ош облусундагы "Эркеч-Там" пункту адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү штаттык режимде өткөрүп жаткандыгы кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан