"17,3 тонна алтын өндүрүлгөн". Садыр Жапаров Кумтөрдүн ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда жумушчу кеңешме өткөрүп, анда “Кумтөр Голд Компани” ЖАК 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчёту жана жакынкы келечекке пландары каралды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Ага ылайык, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКсынын президенти Алмаз Барыктабасов отчёттук мезгил учурунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кабыл алынган чаралар, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана тоо иштери тууралуу кеңири маалымат берди.

Анын маалыматына караганда, 2022-жылдын 12 айында “Кумтөрдө” 17,3 тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 32,1 миллиард сом суммасында которгон, план боюнча 30,1 миллиард сом болчу. Муну менен төлөмдөрдү которуу 6,6 пайызга жогору болду.

Алмаз Барыктабасов ошондой эле заманбап технологияны колдонуу менен алтынды алып чыгуу максатында кендеги калдыктарды сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүү пландары жөнүндө айтып берди.

Калдык сактоочу жайдагы калдыктар жарым кургак зыянсыз аралашмага иштелип чыгат.

2026-жылдан тарта калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алынып башталат. Ошентип жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алынары пландалууда.

Калдык сактоочу жайдагы калдыктарды толук кайра иштетүү 2040-жылга чейин болот. Калдык сактоочу жайдан алынган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 миллиард доллар деп бааланууда.

Муну менен калдык сактоочу жайдагы калдыктарды зыянсыз кургак аралашма кылып толук кайра иштеп чыгууга, андан ары алтынды бөлүп алуудан экономикалык пайда көрүүгө мүмкүн болот.

Ошондой эле Алмаз Барыктабасов дөңгөлөк чыгаруучу заводду куруу долбоору тууралуу маалымат берди, анын максаты “Кумтөр” кенинин кен казуучу самосвалдарынын дөңгөлөктөрүн гана эмес, Кыргызстандын аймагындагы жеңил жана жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн дагы кайра иштетүү.

Мындан сырткары ал бул ишкананын гана эмес, башка тоо-кен жана курулуш ишканаларынын да өндүрүштүк керектөөлөрүн жабууга ылайыкталган кубаттуулугу жылына 50 миң тонна акиташ заводун куруу долбоору тууралуу айтып берди.

"Маалыматты уккан соң, Садыр Жапаров “Кумтөр” Кыргызстандын эли үчүн иштеши керек болгон эң ири алтын казуучу ишкана экенин, ошого жараша компаниянын жетекчилигинен натыйжалуу жана рационалдуу башкаруу талап кылынарын баса белгиледи. Мамлекет башчысы “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ачык-айкын ишмердүүлүгүн камсыздоого, айрыкча жабдууларды жана башка керектүү буюмдарды сатып алуу сыяктуу тармактарда коррупцияны болтурбоого өзгөчө көңүл бурду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан