Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынды бир мүнөт аза күтүү менен баштады.
Төрага Нурлан Шакиев жер титирөөдөн 5 миңден ашык адам каза болгонун айтып, жыйынды бир мүнөт аза күтүү менен баштоо керек экендигин айтты.
Өз кезегинде депутат Дастан Жумабеков Түркияга бардык жагынан жардам берүү керектигин белгиледи.