Бишкек менен Оштогу ар бир көп кабаттуу үйдү текшерип чыгуу зарыл. Бул тууралуу депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтты.
"Кыргызда жакшы сөз бар "Жаман айтпай жакшы жок" деген. Акыркы он жылда Бишкек менен Ошто жамгыр жаагандан кийин чыккан козу карындай көп кабаттуу үйлөр курулду. Алар уруксат бериле турган жерге дагы, берилбей турган жерге дагы курулду. Алардын сапаты кандай? Кудай анын бетин ары кылсын, эгерде жер титирөө катталса канча баллга чейин туруштук бере алат? Мен сунуш киргизет элем, чукул арада өкмөттөн эле эмес адистерден дагы комиссияга кошуп, ар бир үйдү текшерип, коомчулукка корутунду чыгарып беришсин", - деди Алиев.