ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Жүргүнчүлөр факты менен арыз жазса, кичи автобус каттамдан алынат"

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган Жалал-Абад шаарынын тургуну калаадагы кичи автобустардагы шарттарга нааразы болуп, бийликти аталган маселеге көңүл бөлүүгө чакырган.

"Шаарыбызда каттаган маршруттук таксилер адамдарды жык-жыйма кылып сала берет. Бул жүргүнчүлөргө өтө ыңгайсыздык жаратат. Өзгөчө жума күнү Спутник, СМУ каттамдарында кездешет. Акыркы жолу Кытайдан алып келинген автобустар эскирип, каттамга аз санда чыгат. Ошол үчүн маршруттук таксилердин ордуна жаңы автобустарды менен алмаштырса тургундарга ыңгайлуулук жаралмак", - деген шаар тургуну.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору аталган маселени чечүү максатында 10 электробус сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдиришти.

"Буюрса, быйыл 10 электробус сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт. Кичи автобустарга текшерүүлөр жүрүп турат. Жүргүнчүлөр факты (видеого тартып) менен арыз жазса, кичи автобус каттамдан алынат", - дешти мэриядан.

Жалал-Абад шаарында күн сайын 150дөй кичи автобус, 6 муниципалдык автобус каттамга чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан