Чет жакта иштеп жүргөн мигранттар Кыргызстанга келгенде пенсияга чыга алат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Соцфонддун төргасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.
Депутат Мейкинбек Абдалиев чет өлкөдө иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары кандай шартта пенсияга чыгарына кызыкты.
Ага Жуматаева Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн (Орусия, Казакстан, Армения, Беларусь), ошондой эле Түркия жана Түштүк Кореянын ортосунда келишим бар экенин билдирди.
“Ушул өлкөлөрдө иштегендердин стажы эсепке алынат. Болгону бир шарт - мыйзамдуу иштеши керек. Мисалы, Орусияда мыйзамдуу иштеп, Кыргызстанга келип пенсияга чыкканга болот”, - деди ал.