Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуев бүгүн, 9-февралга караган түнү үйүнө белгисиз адамдар кирип, унаасынын номурун чечип кеткенин айтты. Бул тууралуу ал видео кайрылуусунда билдирди.
"Бүгүн түнкү саат 2де келинчегим дарбазаны бирөө такылдатып жатканын айтты. Мен дароо эле милицияга чалдым. Алар келгенче кошуна балдарга айтсам азырынча киши көрүнбөйт, бирок дарбасаңыз ачык экен деп айтышты. Алар келип машинамдин номурун чечип кетишиптир", - деди Мотуев.
Ошондой эле ал үйүнө адамдар таш көтөрүп келгенин кошумчалады.