Төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегация Түркестан шаарына барды

Бүгүн, 9-февралда төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Казакстандын Түркестан шаарындагы "Хазрет Султан" эл аралык аэропортуна барып конду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, делегацияны Казакстандын Парламент Сенатынын төрагасынын орун басары Жакип Асанов баштаган депутаттар, ошондой эле Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Дастан Дюшекеев тосуп алды.

Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилеринин I форумуна катышып, эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөт. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Ырысбек Атажанов, Чыңгыз Ажибаев, Мейкинбек Абдалиев жана Фарходбек Алимжанов бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан