Акылбек Жапаров: "Биз салык төлөөнү үйрөнүшүбүз керек"

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын кеңейтилген коллегиясына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Коллегиянын жүрүшүндө ведомствонун 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга карата пландары каралды.

Жапаров өлкөнүн фискалдык органы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баасын берди.

"Биз жаңы салыктарды киргизген жокпуз, салыктын ставкаларын да көтөргөн жокпуз. Салык системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча эбегейсиз чоң иштер аткарылды. Анын натыйжасы көп күттүргөн жок: 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык кызматы тарабынан 207 миллиард 901 миллион 600 миң сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулуп, белгиленген пландан 3 миллиард 700 миллион сомго ашыкча аткарылган. Чогултулган сумма 2021-жылкы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 63 миллиард 800 миллион сомго көп”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров белгилегендей, биргелешкен аракеттер менен салык жыйноо системасы толугу менен кайра түзүлдү.

"Биз салык системасын толугу менен өзгөрттүк, адам факторун жоюп, көмүскө кеткен товар жүгүртүү, каржы ресурстары, ири масштабдагы контрабанда сыяктуу реалдуу көрүнүштү көрдүк", - деп кошумчалады министрлер кабинетинин башчысы.

Ал ошондой эле салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча иштерди белгиледи, анын алкагында 2022-жылдын ичинде контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйдү.

"Учурда 65 миңден ашык ишкер субъектилер контролдук-кассалык аппараттарды колдонот. Биз салык төлөөнү үйрөнүшүбүз керек. Салыктар "жакшылык айлампасы" деп аталат, анткени каражаттар андан ары эмгек акыны, пенсияларды, жөлөк пулдарды көтөрүүгө, инфраструктурага, экономиканы өнүктүрүүгө жана коопсуздукту чыңдоого инвестиция салууга жумшалат. Салыктарды чогултуу 2022-жылы жөлөк пулдардын 2 эсеге көбөйтүлүшүн, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну камсыз кылды. Бул чек эмес – калкты социалдык жактан колдоо боюнча иштер улантылат", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча Жапаров бир катар тапшырмаларды берип, үстүбүздөгү жылы фискалдык органга чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн, анда консолидацияланган бюджеттин көлөмү 503 миллиард сом өлчөмүндө бекитилгендигин белгиледи.

Ошондой эле коллегиянын жыйынтыгы боюнча салык кызматынын бир катар кызматкерлери тартиптик жоопкерчиликке тартылып, аймактарда иштеген фискалдык органдын айрым өкүлдөрүн кызматтан төмөндөтүү сунушталып, ал эми бир катар кызматкерлерди ээлеген кызматынан бошотуу мүмкүндүгү каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан