Белгилүү ырчы, обончу Айбек Карымовдун ырлары бир муунду тарбиялады деп айтсак жарашат. “Дил кайрык”, “Өрүк кыз”, “Ооруп турат жүрөгүм”, “Боз торгоюм”, “Сүйүүм сага аманат” менен башталган маңыздуу, нукура кыргыз колорити уюган, өзгөчө кайрыктарга ширелген ырлар бир кездери эл оозунан түшпөй калган. Ал ырлар бүгүн да жаңыланып, башка ырчылар тарабынан ырдалып жүрөт, бул – ырлардын бир гана жолу жарк деп күйүп, кайра өчүп калбай турганынын бир белгиси болуш керек. Сахнадан алыстап, чыгармачылыкта узак тыныгуу алган Айбек мырзаны маекке чакырып чер жазыша баарлаштык. Өнөр жолунун башталышы, гүлдөшү, популярдуулук, бурулуш жолдор, айтор, баарын...
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” 10-февралда чыккан жаңы - №1053 санынан окуй аласыз.