Түркияда 20 күн мурун төрөлгөн Керем аттуу ымыркай жер титирөө болгондон 60 саат өткөндөн кийин урандылардын астынан тирүү табылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Анда окуя Хатай шаарында орун алгандыгы айтылат.
Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.
Соңку маалыматтарга караганда, Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 14 миң 14кө жетип, 63 миңден ашуун адам жаракат алды.