Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 14 миңден ашты

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 14 миң 14кө жетип, 63 миңден ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Газиантеп шаарында эл менен жолугушуусунда айтты.

"Учурда каза болгондордун саны 14 миң 14кө, жаракат алгандардын саны 63 миң 794кө жетти", - деди түрк лидери Газиантеп провинциясында сүйлөп жатып.

Бүгүн, 9-февраль күнү эртең менен "Anadolu" басылмасы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12 миң 391ге жеткенин жазган.

Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган. Буга байланыштуу Түркияда 7 күн аза күтүү жарыяланган.

Кыргызстандан барган 63 куткаруучу учурда зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарында куткаруу иштерине көмөк көрсөтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан