Бишкек шаарындагы жолдорду кардан тазалоого 531 тонна техникалык туз сарпталды. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын маалыматында жазылат.
Белгилүү болгондой, 10-февралга караган түнү жолго туз себүү үчүн жол тейлөө башкармалыгынын 27 атайын техникасы жана 30 кызматкери чыкты.
Эске салсак, күз-кыш тазалоо иштери 1-ноябрда башталып, марттын башында жыйынтыкталат.
Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, бүгүн калаада кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы күндүзү 0 … -2 градус болот.