SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы акын Жыпаркүл Исабаева.
Акын-жазуучу, киносценарист, журналист Жыпаркүл Исабаева 1967-жылы 20-мартта туулган. Алгачкы макалалары, ырлары, аңгемелери 13 жашында 1980-жылдан тартып “Кыргызстан пионери”, “Ленинчил жаш”, “Жаш ленинчи” гезит-журналдарында жарыяланып келген. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктап, журналисттик эмгек жолун “Жеткинчек” гезитинде адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы катары баштаган. 2002-жылдын 1-апрелинен тартып “Кыргыз Туусу” гезитинде кабарчы жана бөлүм башчы болуп иштеген. Учурда Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын улук редактору. 1988-жылы “Хельветас” эл аралык кызматташтыгынын Швейцариялык ассоциациясы уюштурган акын-жазуучулардын сынагында, 2009-жылы өткөн эл аралык “Казакстан-Кыргызстан - түбөлүк достук” конкурсунда жеңүүчү-лауреат болгон. 2010-жылы “Алыкулду сүйгөн кыз” повести үчүн А.Осмонов республикалык адабий сыйлыктын лауреаты болгон. Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын лауреаты. Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз өкмөтүнүн ардак грамотасынын лауреаты жана КРнын маданиятынын мыктысы болгон. 300гө жакын обондуу ырдын автору.

Китептери:
- “Сүйүү көргүм келет сенин көзүңдөн”;
- “Бир үзүм от”;
- “Ыр куса” ыр жыйнагы жана проза: “Жыландын сүйүүсү” (мистикалык-фантастикалык роман);
- “Алыкулду сүйгөн кыз” (повесть);
- “Канат менен Зарина” (повесть);
- “Тагдыр жана сыйкыр” (повесть);
- “Сексен жетинчи ашуу” (повесть);
- “Күнкесел” (повесть) жана “Адашкандар ” (роман).
Киносценарийлери:
- “Баарын кайрадан баштайлычы” - режиссёру Темир Бирназаров;
- “Кумар” - режиссёру Темир Бирназаров;
- “Акшоола” 23 сериялуу телесериал - режиссёру Ырыс Окенова.
Театр репертуарында:
- “Махабат мазары” - Каракол драма театры;
- “Семетейчи Сейдана” - Талас драма театры.

Үшүбөсүнчү үмүтүм
Жылуулук издеп бир үзүм,
Сапарым улайм күнү-түн.
Ансайын ызгаар бетке урат,
Сагынтып күндүн күлүшүн.
А бирок мейли үшүсөм,
Үшүбөсүнчү үмүтүм.
Жүрөктүн күтүп сүйүүсүн,
Караймын жолун күнү-түн.
Дыбырап карга айланган,
Жамгырга жуулуп күйүтүм.
А бирок мейли үшүсөм,
Үшүбөсүнчү үмүтүм.
Тагдырдан күтүп үлүшүн,
Таң тосуп барат жүрүшүм.
Жан дүйнөм жазга айланат,
Жактырып күндүн күлүшүн.
А бирок мейли үшүсөм,
Үшүбөсүнчү үмүтүм.
Үмүт - адамдагы өтө аяр да, өтө өжөр да, өмүрдөн өтүп кеткиче таштабаган, эскирбеген жана өчпөгөн улуу сезим. Адамдын алда неден үмүтүнүн үзүлгөнү өтө оор абал го. Адамдын оюна бир эле мезгилде эмне деген гана ойлор келбейт. Кайсы бир учурда ушул үмүт жөнүндө ойлоп, ага баа берип, баалап отурган кезде жазылган ыр. Андан кийин ыр кинорежиссёр Дальмира Тилепбергенованын "Арноо" аттуу көркөм фильминин саундтреги болуп калды. Обонун менин шакиртим, обончу-аткаруучу Бакыт Сейталиев жазган. Тасмада өспүрүм кыз ырдайт, ушунчалык мыкты ырдаган. Акын менен обончунун, кинонун дагы айтайын деген сезимин уккулуктуу добушу менен толуктап, абдан мыкты шайкештик жаралган. Бирок тасма азырынча публикага чыга элек.
Арзуу
Көңүлгө көңүл тушалып,
Көрүшпөс болуп узадык.
Көөдөндө калды а бирок,
Көксөткөн санаа, кусалык.
Байралып жашап башкага,
Баш ийип, басып наздана.
Бактылуу кылып башканы,
Бактылуу болдуң аз гана.
Сагынчым кантип сезбейсиң,
Сезесиң, сен да эстейсиң.
Томогоңду үзүп бир ирээт,
Анда не келип кетпейсиң?
Агарып таңдын атканы,
Кызарып күндүн батканы,
Кызыксыз мага өмүрдүн,
Өзүңсүз өтүп жатканы.
Бир күнү түнкү саат 3-4төр чамасында телефон шыңгырап калды. "Мынча кеч ким чалды экен?", - деп санааркап трубканы ала койсом обончу, аткаруучу Бакыт Мамаев экен. "Жыпар, бир обон жаралды. Ушуга азыр сөз жазып бербесең болбойт!", - дейт. Ал кезде уюлдук телефон деген жок болчу, менимче. Көчөгө чыгып, тыйын салып чалчу аппараттан чалып жатыптыр, көрсө. "Макул, эртең менен жазып берейин", - десем тызылдап жиберди: "Жок, жок, азыр! Анда эле баарын өлтүрөсүң!" - деди. Түшүндүм. Эргүүсү күчтүү келген экен деп, отура калып ушул саптарды жаза койдум да, окуп бердим. "Кутулдум го" деп жаңы эле кайра көзүм илинип баратса, телефон кайра шыңгырайт. Алсам "Досум, эми ук" деп ырдап берди. Укмуш айкалыш! Абдан жакты, сүйүндүм. Бул ыр ошентип жаралган. Кийин кайда барбайын, эл оозунан ушул ырыбызды угуп жүрдүм. Сөздүн автору мен экенимди билбейт да көбү, сөздөрүн туура, туура эмес аралаштырып, созолонуп ырдап калышкандарга күбө болуп, ого бетер кубанып калмай да андайда.

Жылмайыңыз...
Жылмайыңыз, күлкү чачып ууртуңуз,
Кубанычтан башкасын бүт унтуңуз.
Таңда күлүп ойгонуңуз жарк этип,
Жылмаюудан мемиресин уйкуңуз.
Жылмайыңыз, күлүп ийип көзүңүз,
Жамалыңыз жадырасын, өзүңүз -
Кайталангыс асыл жансыз бир келген,
Кетсинчи ары - өксүк, ыза, өкүнүч.
Жылмайыңыз башкаларга нур чачып,
Айлананы кубанычка курчатып.
Жылмайыңыз, жылуулукка суусаган,
Көңүлдөргө жакшы сезим уурттатып.
Жылмайыңыз, сизге кандай жарашат...
Күлкү чачып баратсаңыз карашат.
Жакшы маанай арнашалы, ансыз да,
Жаштык өтүп, өмүр өтүп баратат...
Бет алдыңдан чыга калган адамдын маанайы жакшы болсо, ууртунан жылмаюу төгүлүп, көздөрү нурданып келатса, сага да жагымдуу. Кошо жылмайып өтөсүң. Жүрөгүңдү кандайдыр бир жылуулук уялайт. Азыркы эле негативдүү ойлор, сезимдер желге сапырылып учуп кеткенсийт. Айрым өлкөлөрдө ошол үчүн жылмайып жүрүүнү талап кылышат турбайбы. Мен дагы адамдар бири-бирине заар чачып, тескери энергияларын жибербей, кандайдыр мээрим, жылмаюу тартуулап турса деген тилекте жазгам.
Кечир мени, мен жоготкон ишеним
Кечиргиле, кечиргиле, адамдар,
Мени сүйгөн, мага ишенген, сыйлаган.
Ак кар жиреп чалыштоодо кадамдар,
Жүрөгүм да, көздөрүм да ыйлаган.
Кечиргиле, мен өзүмдү жек көрдүм,
Актабаган канчалардын үмүтүн,
Алсыздыгым моюндоону эп көрдүм,
Кечиргиле, мени мендик сүйүү үчүн.
Калемсабым колдон түшүп кай бирде,
Кечиргиле, жазылбаган ыр үчүн,
Жада калса жол таппадым жан бирге,
Жакшы адамдын жүрөгүнө кирүү үчүн..
Кечиргиле, өткөн-кеткен жылдарым,
Баркынарды билген үчүн кечигип?
Кечиргиле, ушул жазган ырларым,
саптарыңар калган үчүн кетилип?
Кечир мени, жакшы көргөн китебим,
Карда калып, бороондо учуп айрылган?
Кечир мени, мен жоготкон ишеним,
Сенсиз менин кайгырганым – кайгырган.
Кечиргиле, кечиргиле адамдар,
Күчтүү дешип, мага ишенип сыйлаган.
Ак кар. Бороон. Чалыштоодо кадамдар,
Жүрөгүм да, көздөрүм да ыйлаган...
Кээде артка кылчайып, эки жагымды карасам: "Мен Жараткандын мага берген миссиясын, адамдык-акындык жана да башка парздарымды аткарып жатамбы? Мени карап түздөнгөн, менден жакшы бир нерселерди күткөн адамдардын, мисалы, окурмандарымдын сүйүүсүнө татыктуу боло алдымбы?", - деген суроолор келет. Адам болгон соң, дайыма эле баары сен ойлогондой боло бербейт да. Сен дайыма эле башкалар күткөндөй боло албашың мүмкүн. Жолдон да, ойдон да жаңылышың ыктымал. Андай кезде баарынан, ак дилден төгүлүп кечирим сурагың келет. Атүгүл кээде өзүмдөн-өзүм кечирим сурагым келет. Кармай албай, учуруп жиберген ыр саптарымдан, окулбай турган китептеримден... Анан калса, айрым кездерде мен жоготкон сезимдерден.
Мисалы, "ишеним" деген улуу сезимден кечирим сурагым келет. Айлана-тегеректеги айрым көрүнүштөрдөн, айрым мамилелерден улам адамдагы ушул улуу сезим жоголуп бараткансыйт. Атасы баласына ишенбей калган учурда турабыз. Анткени, алдым-жуттумдук, алдоочулук-тоноочулук жана башка жаман адаттар көбөйүп, ишенчээктик, боорукерлик, ак көңүлдүк сыяктуу аруу сезимдерди адамдан сүрүп чыгарууда. Бул ыр ушундай маанайда жазылган.
Сүйбөй калдым дебе мени бир күнү
Сүйбөй калдым дебе мени бир күнү!
Ошол күнү, билем, дароо өзгөрөм:
Түнгө айланам, таштай катам, муз болом,
Анда өзүмдү... өзүм дагы жек көрөм.
Сүйбөй калдым дебе мени бир күнү!
Ошол күнү мен сүйүүгө өчүгөм:
Бороон болом, толкун болом, от болом,
Бирок сени кантип ойдон өчүрөм?
Сүйбөй калдым дебе мени бир күнү!
Ошол күнү билем, күйүп өрттөнөм.
Жалын болом, жамгыр болом, кыш болом,
Бирок сенсиз кантип өмүр өткөрөм?