Алты айдан бери дайынсыз болуп жаткан Базар-Коргондун тургуну Таластан табылды

Алты айдан бери дайынсыз болуп жаткан Батирбек аттуу жаран Талас облусунан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

"8-февраль күнү Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы тарабынан Базар-Коргон районунун 1985-жылы туулган тургуну Батирбек Жураев 2022-жылдын 26-июль күнүнөн бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат таратылган. Бул маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандар тарабынан 38 жаштагы Батирбектин жүргөн жери боюнча маалымат милицияга келип түшкөн.

Ал 2022-жылдын июль айынын аягында Талас облусуна барып, Кара-Буура районунун Аманбаев айылында бирөөнүн койлорун багып жүргөндүгү белгилүү болду. Ал психикалык жактан жабыркап, эс тутуму начар болгон", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери Батирбекти Таластан алып келишип, туугандарына өткөрүп беришкендиги кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан